12:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Памир тоолорунда тик учак кырсыгынан жабыркагандар Душанбеге жеткирилди

Памир тоолорунда тик учак кырсыгынан жабыркагандар Душанбеге жеткирилди. Бул тууралуу Тажикстан Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат катчысы Умеда Юсуфи билдирди.

Анын айтымында, 13-августта жабырлануучулар борбор калаадагы «Истиклол» медициналык борборуна жеткирилди.

Тажикстанда жекшембиде болгон тик учак кырсыгынан беш киши каза тапкан. Өлгөндөрдүн арасында үч орусиялык альпинист жана эки тажикстандык (экипаж мүчөлөрү) бар экенин белгилүү болгон.

Умеда Юсуфи тик учактын Памир тоолорунда кырсыкташына начар аба ырайы себеп болушу мүмкүн экенин, кырсыктан учкуч жана дагы 12 альпинист аман калганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби