13:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда тик учак аскага урунду

Тажикстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чет өлкөлүк альпинисттерди алып бараткан МИ-8 тик учагы Ляхш (Жергетал) районунун аймагында аскага урунганын кабарлады.

Борттогу 16 жүргүнчү, анын ичинде үч учкучтун тагдыры белгисиз.

Окуя жекшембиде жергиликтүү убакыт боюнча 16:30да Исмоили Сомони чокусуна чыгып келген альпинисттерди Фортамбек мөңгүсүнө алып бараткан маалда болгон.

Исмоили Сомони Тажикстандагы эң бийик чокулардын бири болуп эсептелет, бийиктиги — 7495 метр.

Айрым ММКлар альпинисттердин арасында Орусия, Беларус жана Испания жарандары бар экенин билдиришүүдө, бирок бул маалыматты расмий түрдө эч ким тастыктай элек.

Эң көп окулган жаңылыктар