22:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жүк ташуучу унаа 80 метр бийиктиктен кулап түштү

Ош облусуна караштуу Алай районунда «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 80 метр бийиктиктен кулап түштү. Бул тууралуу Ош ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде набыт болду.

Унааны аталган райондун Талды-Суу айылынын 1979-жылы туулган тургуну Ч.А. башкарып бара жаткан. Ал рулга ээ боло албай калган деген божомолдор айтылууда. 



Эң көп окулган жаңылыктар