Курчап турган айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиги дрондун жардамы менен браконьерлерге жана зыянкечтерге каршы күрөшөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, көп функциялуу учкучсуз учуучу аппараттарды 2 миллион 453 миң 996 сомго сатып алуу пландалууда. Агенттик мамлекеттик сатып алуулар порталына ачык тендер жарыялады.
Учкучсуз учуучу аппараттын жардамы аркылуу айлана-чөйрөдө болуп жаткан көрүнүштөр каттоого алынмакчы.