21:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

АКШдан ыктыярчы болуп келген Джон Кларк 24 жылдан бери Кыргызстанда жашайт

Профессор Джон Кларк Кыргызстанга 1994-жылы келген. Андан бери 24 жыл өттү. Учурда ал Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин президенти. Республикалык тестирлөөнү өткөрүү идеясы дагы дал ушул Джон Кларк мырзага таандык. 

Ал география боюнча доктордук ишин жактаган. Мичиган, Дартленд, Калифорния жана Гарвард университеттеринде окутуучу болуп иштеген. 

— Джон, Кыргызстанга кантип келип калдыңыз?

— Мен АКШда бири-бирине окшош иштерден тажадым. Анан күндөрдүн биринде менин досум Кыргызстанга окутуучу болуп иштөөнү сунуштап калды. Ал ошол кезде элчи болуп иштеген Роза Отунбаеваны жакшы таанычу.

— Жолугушуу кандай өттү?

— Жакшы. Роза Отунбаева -Кыргызстандык эң биринчи сүйлөшкөн кишим болду. Биз досум үчөөбүз Вашингтондогу кафелердин биринен кезиктик. Ошентип сүйлөшүүлөр болгондон кийин 1994-жылы Кыргызстанга келип калдым. Ал кезде Ош мамлекеттик университетинде иштеп калдым. Кыргызча үйрөндүм.

— Сизди Кыргызстанда эмнелер таң калтырды?

— Мен Кыргызстанга алгач келгенде тоолор булутка чулганып турган экен. Эки жумадан кийин гана асмандагы булуттар түрүлүп, тоолорду көрдүм. Ошондо өзгөчө дүйнөгө туш келгенимди билдим! 

— Бишкектин сиздин туулуп өскөн мекениңизге окшоштуктары бар бекен?

— Эки жакта тең акчаны жакшы көрө тургандыктарын байкадым.

— Сиздин Бишкектеги эң жакшы көргөн жайыңыз?

— Мени Тоголок Молдо көчөсүндөгү «Нават» кафесинен кезиктирүүгө болот.

— Улуттук тамактардан кайсыны жакшы көрөсүз?

—Мага плов жагат. Бирок, кычкыл сүттөн жасалган тамакты жей албайм. 

Эң көп окулган жаңылыктар