11:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Гүлсүн Бостонкулова: Өзүмө сары чач жарашат деп ойлом

Акыркы жылдары «Менин махабатым» аттуу ыры менен эл оозуна алынган ырчы Гүлсүн Бостонкулова композитор, акын, жазуучу, драматург Маматибраим Бостонкуловдун кызы экенин улуу муундагылардын көпчүлүгү билсе керек. «Ыр кесе», «Кусалык», «Тагдырга», «Ак чардагым» сыяктуу бир канча ырларга обон жараткан Маматибраим Бостонкулов 1970-жылдардан кийин элдин назарына алынган болсо, учурда анын кызы ата жолун улантып чыгармачылык чыйырда из салып келе жатат.

Гүлсүн Бостонкулованын түпкү теги Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Чалма айылы. Бирок, Ош шаарында төрөлүп өскөн. Учурда ырчынын аткаруусунда 20дай ыры бар.

-Саламатсызбы? Чыгармачылык жолду тандап калууңузга атаңыз түрткү болгонбу?

-Саламатчылык! Ооба, ырчы, обончу, акын, жазуучу Маматибраим Бостонкулов атамдын таасиринен улам чыгармачылык чөйрөгө аралашып калдым. Атамдын ырдалбай калган көптөгөн чыгармалары бар. Ал киши 200дөй обондун автору. Ошол чыгармаларды элге алып чыгып таанытайын деп көздөп жатам. Учурда өзүмдүн аткаруумдагы болгону 20дай ырым бар. Анткени, бул чөйрөгө өтө кеч аралашып калдым. 

-Сизди элге тааныткан хит чыгармаңыз? Кайсы авторлордун ырларын ырдайсыз?

-Сөзү Алтынбек Алымовго, обону Өктөм Сапар уулуна таандык «Менин махабатым» деген ырым хит болду. Мындан башка «Апама», «Бир өзүңө» деген ырларым хит болду. Самаган Кочкоровго таандык «Ыр сунам» аттуу чыгармам дагы эл тарабынан абдан жакшы кабыл алынды. Мен даяр ырларды гана аткарам. Ыр жазып же обон жаратуу азырынча колумдан келбечүдөй. Ырдын сөзүнө, маанисине көңүл бурам, эгер мага жагып калса автордон сурап ырдай берем. Көп учурда атамдын ырларын аткарам.

-Тойлордо ырдайсызбы?

-Ооба, тойлордо ырдайм. Көпчүлүгү эле тойдон оокат кылып калышты десем жаңылбайм. Кудай ырчылардын ырыскысын элге чачкан. Артисттин тилеги жакшы деп коёт эмеспи, той болсун деп турат. Андыктан элибизде тойлор боло берсин.

-Жеке жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз, турмушка чыккансызбы?

— Рейна, Камила аттуу кыздардын жана Тынчтыкбек аттуу уулумдун апасымын. Жолдошум экөөбүз эки башка жолго түшкөнбүз, анын өзүнүн үй-бүлөсү бар. Бирок сый мамилебизди сактап калдык. Кайын-журтум менен катташып турабыз.

Албетте алдыда турмушка чыга турган оюм бар.

Бирок, азырынча биринчи максатым чыгармачылыкты алып кетүү. Мен алгач сахнага 2003-2004-жылдары ырдап чыккам. Кийин турмуш-шартка байланыштуу ортодо тыныгуу болду. Эми кайрадан баарын башынан баштаган кербезим. Мындан ары чыгармачылыгымды токтотпой иштегенге аракет кылам.

-Атайын стилист менен иштешесизби?

-Атайын стилист менен деле иштешпейм. Клип тартылып баштаганда сценарийге карап клипмейкерлер менен сүйлөшүп, кандай кийим керек деп кеңешебиз. Андан кийин атайын дүкөндөн кийинем. Ал эми өзгөчө форма керек болсо Айчүрөк аттуу сиңдим бар, ал тигип берет. Чачымдын өңүн өзгөртүү идеясы өзүмө таандык.

Менин келбетиме сары чач жарашат деп ойлойм. Кыргыздарга сары чач жарашпайт деген сөзгө кошулгум келбейт.

Ар бир адамдын өзүнүн тандоосу болот. Эгерде келбетине жарашып турса эмнеге сары чач болбосун?

-Диета кармайсызбы? Таттууга кандайсыз?

-Диета кармабайм. Таттууну, тамак-ашты жей берем. Албетте, келбетке кам көрүш керек. Кээде салмак кошуп калганымды сезсем, тамакты кичине азайтып коем. 

-Балачакта кандай кыз элеңиз?

-Эмгекчил, аракетчил, табышкер кыз болчумун. Мектепте жүргөндө атаандашканды жакшы көрчүмүн. Өзүм дагы жакшы окугандыктанбы, айтор менден жакшы баа алгандарды көрсөм кадимкидей ызаланып ыйлачумун. Эмнеге менден ашат деп, өжөрлөнүп андан да жакшы баа алганга аракет кылчумун.

-Наам алдыңыз беле?

-Наам алган эмесмин, дагы алдыда көп жыл бар деп ойлом. Наам алыш үчүн бир топ баскыч басып элге эмгек сиңириш керек.

Менин атам азыркыга чейин Эмгек сиңирген эл артисти наамын ала элек. Ал эми жаштардын наамга ээ болуп жатканын айтсам чычалагандай болуп калам.

Кыскасы наамга ээ болгондор өз аракеттери менен жетсе керек деп ойлоп жатам.

-Маегиңизге ракмат! Ийгилик каалайбыз!

Эң көп окулган жаңылыктар