04:19
USD 87.45
EUR 90.04
RUB 0.85

Азиз Суракматов шаардын көйгөйлөрүн чечүү тууралуу

Шаардыктар менен меймандарга ыңгайсыздык жаратып жаткан баш калаадагы көйгөйлөрдү чечебиз. Бул тууралуу мэрлик кызматка талапкер Азиз Суракматов тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, шаардагы курулуш иштери мыйзам чегинде гана жүргүзүлөт.

Талапкердин пикиринде, автобус, троллейбустар менен маршруттук унаалардын ортосунан пайдалуулугун караштыруу керек. Анткени, маршруттук унаалар автобус жана троллейбус каттай албаган жерлердин баарын кыдырат.

«Ошондой эле ал экология жана жашылдандыруу маселеси тууралуу кеп козгоду. Жолдорду кеңейтүү максатында көп бак-дарак кыйылды. Бирок, бир бактын ордуна бир канча көчөт отургузууну көзөмөлгө алуу керек», -деди ал.

Азиз Суракматов учурда анын командасы шаарды өнүктүрүү программасынын алкагында иш алып барып жаткандарын айтты.

Эске салсак, мэрди шайлоо 8-августта өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар