03:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кайрат Пиримбердиев: Президентке менин ырдаганым жагат болуш керек деп жүрөм

Бир кездерде ишенчээктигинин айынан аз жерден талап-тоноонун курмандыгына айлана жаздаган ырчы Кайрат Пиримбердиев, учурда баардык нерсени жети өлчөп бир кесип калган убагы. Кыргызстандын эле эмес, Орусиянын сахнасында дагы өнөрүн көрсөтүп, эми багытын Европага бурган Эмгек сиңирген артист Кайрат Пиримбердиев «24.kg» агенттигине маек курду. 

Ырчы жакында эле кыргыз тилинде «Барам кечинде» аттуу жаңы стилдеги ырын күйөрмандарга сунуштады. Ыр бийлөөгө абдан ылайыктуу, Латын америкалык стилде жазылган.

«Европага акырындык менен даярданып жатам. Майдын акырында Бельгияда англис тилинде «Сүйүүгө тереңирээк» деген ырым жарык көрдү. Клуб стилиндеги чыгарма десем болот. Алдыда англис тилиндеги альбом жазып Европада жарыкка чыгаруу планым бар», — дейт ырчы.

-«Айылыма» аттуу ырыңыз эл тарабынан жакшы кабыл алынды, ыр кимге таандык? Кээ бир тасмалардын саундтректерин аткарып жүрөсүз, режиссёрлордон ырдап бер деген сунуштар түшөбү?

-Сөзү, обону Чынгыз Алиевге таандык «Айылыма» деген ыр элге бат сиңди. Ырдын автору «Айыл кэмп» деген тасмага аткарып бер деген сунушту айтканда макул дедим. Жакында эле «Көк бөрү» аттуу кино тартылып бүтүп калды. Анын дагы саундтрегин мен аткардым. Чынын айтсам, бул ырды аткарууга көп ырчыларга сынак уюштурулуптур. Бирок, режиссёр Руслан Акун менин ырдаганымды жактырды. Тааныш болбосок дагы мени тандаганына ыраазымын.

-Чет жерде көп жүрдүңүз, жумушуңузга байланыштуу кызыктар тууралуу айтып берсеңиз?

-Казакстанда ресторандарда ырдап жүрдүм. Актау шаарында жашап иштеп жүргөндө африкалык өрүм чач жасалгасын жасаттыргам. Казак эли үчүн кызыктуу болдубу, айтор чачымды көрүш үчүн келишчү. Азыркы замандын тили менен хайп жаратып жүрчүмүн.

-Чач жасалгаңыз тез-тезден өзгөрүп турат?

-Негизи өзгөрүлүп турганды жакшы көрөм. Бул багытта келинчегимдин ою дагы эске алынат, ал менин менеджерим дагы стилистим дагы. Кийимдерди чогуу тандайбыз, жубайымдын табити жакшы.

-Сизди жакындан тааныгандар ишенчээк жана ак көңүл дешет, алдап кеткендер болгонбу?

-Абдан эле ишенчээк, ак көңүлмүн. Бул сапатым өзүмө дагы жага бербейт, кичине куу болуш керек деп ойлом. Бир жол Орусияда кыргыз эле балдар мени тоноого аракет кылышкан.

Ресторанда ырдап жатсам тааныбаган бала келип, эшикте байкелер чакырып жатат, жолугуп коюңуз деп чакырды. Мен деле ишенип чыгып алыптырмын. Барсам, кыргыз балдар турушат. Алардын алдына барганда ою жаман экенин түшүнүп,кыйкырып ызы-чуу салып качып кутулганмын.

-Биринчи жубайыңыз менен неге ажырашып кеттиңиз? Балаңызга каралашып турасызбы?

-Себебин деле билбейм. Унутуп калдым. Араздашканыбызды ойдон чыгарып, унутуп салгам. Балама колумдан келишинче каралашып турам.

-Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сүйүктүү ырчыларынын катарында элеңиз, жаңы бийлик келгенден кийин мамиле өзгөрдүбү? Дегеним мамлекеттик иш-чараларга чакырылып жатасызбы?

-Мурунку президент Алмазбек Атамбаев менин аткаруумдагы чыгармаларды жактырып, колдоо көрсөткөнү, анын ырын аткарган чеберчилигимди жактырганы мага абдан жагымдуу. Азыркы бийлик алмашты деп айта албайм. Жаңы бийлик деле КСДП көз карашында да. Менин көз карашым дагы ошондой. Мурунку президент менен азыркы мамлекет башчысынын көз караштары жагат.

Мамиле өзгөргөн жок. Үмүтүм бар, Сооронбай Шариповичке да менин ырдаганым жагат болуш керек.

Азыр жайкы мезгилде ири иш-чаралар деле боло элек, алдыда болот.

-Эң аз жана эң көп алган гонорарыңыз?

-Ушул суроо жашыруун боюнча эле калсынчы. 

Эң көп окулган жаңылыктар