22:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Саясатчылар шаардык кеңешти ачык талкууга жана көпөстөргө каршы турууга чакырат

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Азиз Суракматовду Бишкек шаарын жетектөөгө көрсөтүлүшүн сынга алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

«Бул эмне деген кадр саясаты? Өлкөбүздүн борборун качанга чейин бай-манап, көпөстөр башкарат? Паркты бузуп, стратегиялык обьекттин жанына мыйзам бузуу аркылуу үйлөрдү курган Азиз Суракматов Бишкекке кантип жан дили менен күйөт?», — деген депутат Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын көпөстөрдү колдобоого чакырды.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков мэрдин кызматына талапкер көрсөтүүдө ачык талкуу жүргүзүүнү сунуштайт.

«Мамлекеттик жогорку кызматтарга, озгочо Бишкек шаарынын мэрлигине, ачык талкуу менен, так критерийлерлердин негизинде гана кадр сунушталса туура болот. Мэр бул эскиден кабыл алынып калган чарбалык кызмат эмес. Мэр бул саясий, маанилуу кызмат», — дейт ал.

Саясатчы Бишкек регионалдык кландардын менчиги эместигин белгилейт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы мэрликке парламенттин мурдакы депутаты Азиз Суракматовду көрсөттү. Шайлоо 8-августта өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар