01:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Шаардыктар Азиз Суракматовго атаандаш талапкерлерди сунуштоодо

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек шаарын жетектөөгө талапкерлерди сунушташууда.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен ордо кааланын Свердлов районунун акими Самарбек Болотбековдун аты аталууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы мэрликке парламенттин мурдакы депутаты Азиз Суракматовду көрсөттү. Бирок, социалдык тармакта ага каршы сын-пикирлер айтылууда. Көпчүлүк бир нече курулуш компаниясынын кожоюуну, шаардын эс алуу жайына үй курган ишкердин мэр болууга укугу жоктугун белгилешүүдө.

Мурдакы мэр Албек Ибраимовго кылмыш иши козголуп, ал камоого алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар