03:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин бутундагы тактар текшерилүүдө

Журналист Уланбек Эгизбаевдин эки бутунда байкалган тактардын чоо-жайын соттук-медициналык экспертиза текшерип жатат. Бул тууралуу «Азаттык» билдирет.

Алардын маалыматында, жакындарынын өтүнүчү менен маркумдун сөөгү экспертиза үчүн 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген. Сөөктү ачуу 23-июлда саат 9да башталып, ага «Азаттыктын» кабарчысы Токтосун Шамбетов менен маркумдун досу Каниет Жыргалбеков катышкан.

Токтосун Шамбетов Эгизбаевдин бутундагы тактарды Чолпон-Атадан эле байкап, аны милициянын протоколуна коштурганын билдирди.

Анын айтымында, сөөк Бишкекке жеткирилгенден кийин анын бутундагы тактарды Жогорку Кеңеш депутаттары Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев да көргөн. Азырынча экспертизанын толук тыянагы чыга элек.

Буга чейин Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист «чөгүп өлгөнү» кабарланган. Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган.

Анын жаназасы бүгүн Кочкор районунда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар