15:19
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Акун» пансионатынын жээгиндеги видео жазуулар милиция өткөрүлүп берилди

«Акун» пансионатынын жээгиндеги видео байкоонун жазуулары милиция өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу пансионаттын кожоюну, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков билдирди. 

Анын айтымында, жээкте эки куткаруучу күзөттө турат. 

«Андан тышкары бизде видео байкоо да бар. Улан Эгизбаевге биринчи жардам көрсөтүлдү. Бирок, сактай алышкан эмес. Эми бул кокустукпу, башкабы убакыт көрсөтөт. Анын жанында адамдар болгон. Келинчеги дагы жээкте турган. Баарына тергөө баа берет», — деди Чыныбай Турсунбеков.

Эскерте кетсек, кечээ аталган пансионатта журналист Улан Эгизбаев сууга чөгүп каза болду. 

Эң көп окулган жаңылыктар