2018-жылдын башынан бери өлкө аймагында 57 киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Мухамед Сваров билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгондордун ичинен отуз сегиз эркек, 6 аял, 13 жаш балдар.
Сууга түшүү сезону башталгандан бери 35 киши каза тапты. Сууга түшүп каза болгондордун саны боюнча Чүй облусу алдыда турат. Аталган өрөөндө 16, Жалал-Абад облусунда 12, Бишкекте 8, Ош шаарында 5, Ош облусунда 5, Баткенде 5, Ысык-Көл жергесинде 5 жана Талас аймагында 1 киши сууга чөгүп каза болгон.