«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Үлпөт тойго музыкант чакырып, ыр-бий менен өткөрсө болобу? Негизи динде ырдоого болбойт деп айтышат.
Жооп: Албетте болот. Бул Мухаммед пайгамбардын сунналарына туура келет. Анткени, анда никени ачык жарыялап, ал тууралуу көп адамдарды маалымдоого аракет жасагыла деп айтылат. Андыктан үлпөт тойго элди чакырып, жакшы-тилектер айтууга болот. Болгону аны дискотекага айлантпай, азыркы айрым терс көрүнүштөрдүн ордуна улуттук каада салт жана салттуу ыр-бий менен өткөргөнгө аракет кылыңыз.