19:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аксы районунун колдоого муктаж үй-бүлөлөрү саан уйлуу болушту

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда колдоого муктаж жакыр үй-бүлөлөргө 40ка жакын саан уй таратылды. Бул тууралуу «Ас-Салам» кайрымдуулук фондунан билдиришти. 

Маалым болгондой, ири мүйүздүү мал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аталган коомдук фонддун өкүлдөрүнүн катышуусунда тапшырылды.

Эске салсак, өткөн жылы Нарын облусундагы колдоого муктаж үй-бүлөлөргө 250 уй берилген.

Кошумчалай кетсек, жардамга муктаж жарандардын тизмесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тизмелеп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар