02:44
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өзбекстанда чуулгандуу аким башынан жаракат алып ооруканага түштү

Анжиян облусунун Боз районунун «богооз жана кызыл камчы» атка конгон акими Абдурашид Мамиров 21-июнда башынан оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды.

«Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, токмок жеген акимдин башына операция жасалды. Абалы оор бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, 22-июнда анын башына операция жасалды. Баш сөөктөрү бир нече жерден сынып, мээси жабыркаган.

Анжиян облустук укук коргоо кызматкерлери Мамировдун ооруканага жатканын тастыктап, бирок сабалганын четке кагышты. «Абдурашид Мамиров жыгылып кетип жаракат алган. Ошондуктан ал ооруканада дарыланууда. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон жок», ​— деди укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири.

Айрым жергиликтүү аткаминерлердин айтымында, Абдурашид Мамиров селектордук жыйындан кайтып келе жатып жаракат алган. Башка бир маалыматтар боюнча ал эки кабаттуу үйдө жайгашкан батиринин терезесинен кулап кеткен.

Абдурашид Мамиров Боз районунун акими болуп 2017-жылы февралда дайындалган. Эл арасында ал «сөгөөнөк жана кызыл камчы» аткаминер катары белгилүү.

Эң көп окулган жаңылыктар