20:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өзбекстанда эгин жыйноо планын аткарбаган дыйкандардын малы тартып алынууда

Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы фермерлердин билдиришинче, жергиликтүү бийлик эгин жыйноо планын аткарбаган дыйкандардан тапшырылбаган ар бир килограмм үчүн 1200 сум талап кылууда. Акча менен төлөй албаган фермерлердин малдары тартып алынууда.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымдарында, суунун жетишсиздигинен улам быйыл эгин түшүмү былтыркыдан кыйла аз болуп, көбү планды аткара албай калышкан.

«Быйыл кургакчылык болуп, суунун жетишсиздигинен улам дыйкандарын 80-90 пайызы эгин планын аткара алышкан жок. Азыр облус жана район жетекчилери эгин таап, мамлекетке өткөрүүнү талап кылышууда. Кабыл алуу жайларында ар бир тапшырылбаган килограмм үчүн 1200 сумдан (0,15 доллар) сурап жатышат. Быйыл жазында дыйкандар суу жетишсиз болуп жатканын айтып, тиешелүү мекемелерге арызданышкан. Бирок бийлик аба ырайын жана суунун жетишсиздигин эске албастан, мамлекеттик планды аткаруу үчүн жетпей калган эгинди талап кылууда», — деди дыйкандардын бири.

Анын айтымында, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлерин ээрчитип, эгин планын аткарбаган дыйкандардан малын сатып, акчасын мамлекетке тапшырууну талап кылышууда.

«Мажбурлап аткартуу бюросу менен Салык кызматынын өкүлдөрү келип, эч кандай документтерди же соттун чечимин көрсөтпөстөн эле малдарды тартып алышууда. Биздин коңшуларыбыздын бирөөсүнүн букасын, уюн жана торпогун алып кетишти. Айрымдарын малдарын сатууга мажбурлап жатышат. Дыйкандар тынчсызданууда», — деди ал.

Мажбурлап аткартуу бюросунун Сурхандарья облусундагы бөлүмүнөн план аткарбаган дыйкандардын малы алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагышты.

Эң көп окулган жаңылыктар