09:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда буудайдын дүң жыйымы 25,8 пайызга кыскарды

Кыргызстанда 2023-жылдын аягына карата дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү,күрүч жана гречиханы кошпогондо) 579 миң гектар аянттан жыйналып алынды. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

«Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 1,6 миллион тонна дан жыйналды, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 15 пайызга аз. Эгиндин көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 28 пайызга азайышы менен шартталган», — деп айтылат маалыматта.

Жай айларында күн аябай ысык болгондуктан вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы 25,8 пайызга, арпанын жыйымы 29,5 пайызга кыскарды.

Буга чейин Россия буудайды экспорттоого тыюу салары тууралуу билдирилген. 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 31-майына чейин катуу буудай экспорттоого тыюу салуу жөнүндө өкмөттүн чечиминин долбоору жарыяланган.

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги ЕАЭБтин чечимдеринин алкагында жыл сайын суроо-талап менен сунуштардын болжолдуу жана индикативдик балансы түзүлөрүн белгилеген. Ар бир мамлекет экспорттоло турган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү боюнча өндүрүштүн болжолун жана калктын керектөөлөрүн жабууга жете турган импорттун керектүү көлөмүн берет.