Өкмөттүн аппаратында гендердик баланс сакталган эмес. Бул тууралуу гендердик саясат боюнча улуттук кеңештин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Маалыматка караганда, гендердик саясат баардык мамлекеттик тармактарда, анын ичинен өкмөттүн аппаратында сакталган эмес. Премьер-министр жакынкы аралыкта бул түзүмдө аялдардын санын көбөйтүүгө убада берди.
«Бизде район акимдеринин арасында да аялдар жок. Жалаң эркектер. Аялдар болгондо үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү жеринен чечүүгө башкача мамиле кылат эле. Биз муну дагы оңдойбуз», -деди премьер-министр.