08:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээсинин өлүмү. Айдоочу мас абалда болгон

«Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу ошол күнү алкоголдук ичимдик ичкени аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы боюнча медициналык экспертизанын жыйынтыгы айдоочунун спирт ичимдигин ичкенин көрсөттү. Учурда ал Бишкек шаарындагы № 4-ооруканада дарыланууда. Анын баш коргоо чарасы бүгүн каралат.

Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда «Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерде каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар