23:47
USD 87.45
EUR 102.60
RUB 1.09

Ноокат районунда жаан аралаш мөндүр жаады

5-июнда, болжол менен саат 16:30 чамасында Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жаан аралаш мөндүр жаады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында 3 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген.

Мөмө-жемиштерге аз өлчөмдө зыянын тийгизген.

Ал эми адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар