13:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жол кырсыгы дагы бир жарандын өмүрүн алды

Кечээ, Бишкек-Ош жолунун 308-чакырымында жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 1982-жылы туулган аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Ауди» жана «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Унаада каза болгон аялдан башка дагы 7 жүргүнчү болгон. Алар ар кандай жаракаттары менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар