10:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Путин Орусия менен Кыргызстандын кызматташтыгы өнүгүү жолунда экенин белгиледи

Салттуу багыттар боюнча Орусия менен Кыргызстандын кызматташтыгы өнүгүү жолунда келе жатат. Бул тууралуу Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда белгиледи, деп жазат РИА «Новости».

Владимир Путин актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычта экенин билдирди.

«Менин көз карашымда, талкуулоочу көп маселелер бар. Бир нече багытта алып барып жаткан иштерибиз өз жолунда келе жатат», — деди ал.

Өз кезегинде Жээнбеков Путинге жолугуп, кызматташуу маселесин талкуулаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Алгач, расмий түрдө мамлекеттик башчы кызматына келишиңиз менен куттуктайм. Сиздин жетекчилигиңизде Орусия көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Алдыда, ички жана тышкы саясатта мындан дагы чоң ийгиликтерге жетишесиздер деп ишенем», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Сочи шаарына учуп барган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби