08:43
USD 69.85
EUR 78.66
RUB 1.03

Беловодскидеги балдар психоневрологиялык интернатына жаңы имарат курулат

Өкмөт бир катар социалдык мекемелердин имаратын оңдоп-түзөөгө 204,4 миллион сом бөлдү. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугун басма сөз кызматы билдирет.

Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин имаратын курууга 69 миллион сом бөлүнөт.

Андан тышкары, Жалаб-Абад облусунда Балдар психоневрологиялык интернатынын реабилитациялык корпусу (67,3 миллион сом) жана облустук бириктирилген оорукананын ( 68,1 миллион сом) имараты дагы жаңыланат.

Эң көп окулган жаңылыктар