13:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Маршруттук таксилердин иш таштоосун уюштургандар дагы деле табыла элек

Бишкекте маршруттук таксилердин иш таштоосун уюштургандар дагы деле табыла элек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык Транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Хасан Алимбеков билдирди.

«Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Иш таштоону уюштургандар табыла элек. Мындай көрүнүш кайра кайталанбашы үчүн сөзсүз чара көрүлүшү керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, бир нече талаптарды коюшкан.

Эң көп окулган жаңылыктар