Жалал-Абад облусунун «Билимкана -Шабдан» мектебинин окуучулары Токтогул Сатылгановдун белгилүү күүсү — «Токтогулдун кербезин» аткарышты.
Мектептин жетекчиси Элнура Осмоналиеванын айтымында, алар күүнү аткарууну салттуу музыка күнүнө багыштады. Жалпысынан 2-10 класстын 176 окуучусу катышты.
Салттуу музыка күнү Кыргызстан 2013-жылдан бери 25-апрелде белгиленип келет.