23:10
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Араванда жайыттарга мыйзамсыз акиташ бышыруучу ишканалар курулган

Ош облусунун Араван районунун Алиянар айыл өкмөтүнүн Ачы айылынын тургундары жайыт багытындагы жер участкаларында мыйзамсыз акиташты өндүрүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик техникалык жана экологиялык көзөмөл инспекциясы билдирет.

Алардын маалыматында, Тактап айтканда, аталган айылдын тургундары жайыт багытындагы жер участкаларына акиташ бышыруучу ишканаларды куруп алышкан.

Мамэкотехинспекциянын Араван, Ноокат райондору боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мыйзамсыз ишмердүүлүктү токтотуп, жерди баштапкы калыбына келтирүү талабын коюшкан. Мыйзамга каршы туруп жайыт жерин өз багытында колдонууга бербей, шалаакы мамиле жасаган айыл өкмөтү Инспекция тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылды.

«Бирок бул эскертүүлөрдү эске албаган ишкерлер акиташ чыгаруу ишин улантып жатат. Бүгүнкү күндө ишканада эч кандай коопсуздук талаптары сакталбагандыктан жумушчулардын өмүрлөрү коркунучта. Себеби, акиташ чыгарууда химиялык уулуу заттар бөлүнүп чыккандыгына байланыштуу жумушчулар экологиялык жана техникалык жактан дагы коопсуздугу толук сакталуусу керек эле. Бул талаптар бүгүнкү күндө күндө четте калып жаткандыктан, аталган жерде иштеп жаткандардын ден соолугу зыянга учуроодо» — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар