19:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мухаммедкалый Абылгазиев кортежден баш тартты

Жаңы дайындалган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кортежден баш тартып, ал келе жатканда жолду бөгөөгө тыюу салды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн жумушка саат 7.30 чамасында эч кандай коштоосуз өзү келген.

Өкмөттүн аппаратынан маалымдагандай, ал 21-апрель күнү УКМКнын жаңы жетекчисине ашыкча күзөтчүлөрдү жана коштоону алып салууну буйруган.

Эскерте кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кызматка киришип жатканда дагы бул нерселерден баш тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума