03:14
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Кабулдагы жардыруудан кеминде 50дөн ашык киши өлдү

Кабулда шайлоочуларды каттоо борборунда жанкечтинин жардыруусунан бери дегенде 57 киши набыт болду, 119га жакыны жараланды. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нажиб Данештин айтымында, бомба парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин алууга кишилер кезекте турган жерде жарылган.

Өлгөндөрдүн арасында 21 аял жана беш бала бар. «Ислам мамлекети» экстремист уюму шииттер үстөмдүк кылган райондогу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Ооган президенти Ашраф Гани жардырууну айыптап, мындай окуялар «бизди демократиялык процесстерден жана максаттарыбыздан кайтара албайт» деди.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы жардам миссиясынын башчысы Тадамачи Ямамото бул — «экстремисттердин конституциялык укуктарынан пайдаланууну каалаган ооган жарандарын коркутуу аракеттеринин бири» деди.

14-апрелде октябрга пландалган шайлоого катыша турган добуш берүүчүлөрдү каттоо борборлору ачылгандан бери бир нече кол салуу болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби