21:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Репрессия курмандыктары көмүлгөн жайдын сырын ачкан Кыдыралиевга батир берилди

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы 1937-1938-жылкы репрессия курмандыктары жашырылган жай тууралуу алгач болуп маалымдаган Бүбүйра Кыдыралиевага батир берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Батирдин ачкычын кечээ, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков тапшырып, ага чың ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Бишкек шаарынын «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан жаңы батирге Бүбүйра Кыдыралиеваны Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коштоп келди.

Эскерте кетсек, Бүбүйра Кыдыралиева буга чейин маалымдоо каражаттарына берген маегинде анын өзүнө таандык турак жайы жок экенин, учурда туугандарынын үйүндө жашаарын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар