12:12
USD 68.81
EUR 80.45
RUB 1.04

Айбек Калиев жаңы батирин жана унаасын кайсы акчага сатып алган?

Кечээ, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев «Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда жемкордук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде шектелүү катары кармалды. «24.kg» анын декларациясына анализ жүргүзүп көрдү.

2015-жылы Айбек Калиев экономика министринин орун басары катары айкындама тапшырган. Ал 552,056 миң сом каражат тапкан. Андан тышкары анан жалпы аянты 101 чарчы метрди түзгөн батири болгон.

Анын тууганы 2013-жылкы «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаага ээлик кылган. Ал эми кирешеси тууралуу маалымат берген эмес.

2016-жылы Айбек Калиев 53,3 мин жана 1,04 миллион сом киреше тапкан.

Сатылган кыймылсыз мүлкү үчүн 4,5 миллион сом алган. Ал эми жакын тууганынын кирешеси 690 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле ал «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаа жана 4,1 миллион сомго батир, 160 миң сомго эмерек, 100 миң сомго техника сатып алган.

Ал эми Айбек Калиевдин жакындары кайсыл кыймылсыз мүлкүн сатканы суроо бойдон калууда. Анткени ал 2015-жылдын айкындамасына киргизилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар