01:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ажырашып жарашып, кайра бактын тапкан шоу-бизнес жылдыздары

Кыргыз эстрадасы акыркы жылда күчкө кирип, шоу-бизнес баардык жагынан көркүнө чыгып, жергиликтүү жаңылыктардын сап башына чыкты. «24.kg» агентиги ажырашып, жарашып, кайра бактын тапкан жылдыздарды сунуштайт.

Малика Дина

Ырчы Динара Акулова менен Абдымалик Шерматовдун кызы бир кыздуу болгондон кийин жолдошу менен эки жолго түшкөндүгүн жарыялады. Чыгармачылыкка баш оту менен киришкен Малика жаңы клип тартып, той-кечелерде ырдоо менен бирге жеке турмушунда дагы өзгөрүүлөр бар экенин ачыктады.

Ал өзүнүн instagram баракчасына казак актеру Эркебулан Токтор менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялап, бирок, экөө азырынча дос экенин айтууда.

instagram баракчасынан алынды
Фото instagram баракчасынан алынды. Малика Дина жана Эркебулан Токтор

Анжелика

Ырчы, ишкер айым Анжеликанын үй-бүлөсүндөгү өзгөрүүлөр жаңылыктардын сап башында болду. Ал 10 жыл чогуу жашаган үч кызынын атасы Урмат Бекболиев менен расмий ажырашты.

Айпери Кубик кызы
Фото Айпери Кубик кызы. Анжелика

Бакыт Байсариев

Бийчи, тамада Бакыт Байсариев биринчи жубайы, эки баласынын апасы Наргиза менен эки жолго түшкөндөн кийин Алия аттуу жаш кызга үйлөнгөн. Кыздуу болгондон кийин Алия менен ажырашып кеткендигин бийчи өзү жар салды.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Бакыт Байсариев

Айпери Кубик кызы

Топурада той бергендердин катарын толуктаган Айпери Кубик кызы акыркы жылдары уулу Данини өзү жалгыз өстүрүп келе жатат. Ырчы өткөн айда жаңы турмуш курууга камынып жатканын айтты эле, айрым маалымат каражаттары той өтүп, азыр Египетте эс алып жүргөнүн жазып чыгышты. Ырчы инстаграм баракчасына болочок жолдошунун төмөнкү сүрөтүн чыгарды.

Аскат Мусабеков

Авазы бийик Аскат Мусабеков жана кыл кыякчы Залина Касымова чогуу жашабай калгандыгы тууралуу маалыматты өткөн жылы күйөрмандар өкүнүч менен кабыл алышты. Жылдыздардын ортодо бир уул, бир кызы бар.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Залина Касымова жана Аскат Мусабеков

Назира Айтбекова

Теле алып баруучу Назира Айтбекова дагы өткөн жылы жолдошу Искендер Шаршеев менен ажырашканын жарыялап, бир нече ай бою эл оозунда болуп турду. Назира Айтбекованын бир уулу бар.

Жанетта

Дагы бир жылдыздуу түгөйлөр Жанетта менен Денис Бобков эки жылдан бери жашабайт экен. Ал боюнча кайынатасы Юрий Бобков аралашканда гана көпчүлүккө маалым болду.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Жанетта жана Денис Бобков

Эң көп окулган жаңылыктар