20:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстан менен Кыргызстан суу-энергетикалык жаатында кызматташууга даяр

Тажикстан менен Кыргызстан суу-энергетикалык жаатында кызматташууга даяр. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугушуусунда айтылды.

Өкмөттүн маалыматында, жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 1-2 февралында Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.

Кохир Расулзода эки мамлекет соода-экономикалык алакаларын өнүктүрүүсү жана бекемдеши керектигин баса белгилеп кетти.

«Азыркы тапта соода жүгүртүүнүн расмий статистикасы эки өлкө ортосундагы учурдагы мүмкүндүктөрүн чагылдырбайт. Буга байланыштуу тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарын кеңейтиши керек. Өзгөчө экономика, транспорт, энергетика жана айыл чарба жаатындагы эки тараптык кызматташтыкты активдештирүүгө көңүл буруу керек», — деди ал.

Аны менен катар жолугушуунун катышуучулары суу-энергетикалык жааттагы кызматташтык боюнча маселелерди талкуулашты.

«Биздин өлкөлөр суу-энергетикалык жаатында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы электр энергияга болгон чоң талапты эске алуу менен тараптар бул маселе боюнча өз ара пайдалуу негизде кызматташуусу зарыл», — деди Премьер-министр Кохир Расулзода.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен алдыга коюлган маселелерди чечүү үчүн консультацияларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тажик тарап Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган Эл аралык театралдык фестивалга катыша тургандыгын ырастады.

Эң көп окулган жаңылыктар