Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мааракесине карата Жогорку Кеңештин депутаттары анын чыгармаларынан үзүндү окушту.
Белгилей кетсек, 2018-жылы жазуучунун 90-жылдыгын бир катар өлкөлөр белгилешет. Ал 2008-жылы 10-июнда дүйнө салган.
Жазуучунун мааракеси Түркияда кенен белгиленет. Казакстан анын урматына 2017-жылы Алма-Ата шаарындагы көчөгө ысмын ыйгарылды.
«24.kg» агенттигинин сунушуна төрт депутат макулдугун билдирди. КСДП жана «Бир Бол» фракциясынан жазуучунун чыгармачылыгы менен бөлүшүүгө убакыт тапкан жок.