22:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Көчмөндөр оюндарына карата милиция кызматкерлери англис тилин үйрөнүүдө

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери англис тилин үйрөнүүдө. Бул тууралуу аймактык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуу бардык кызматкерлер үчүн жүргүзүлүүдө. Алар деңгээлине жараша үч топко бөлүнүп билим алышууда.

Окуу аягына чыккан соң тест түрүндө экзамен тапшырышат.

«Милиция кызматкерлеринин чет тилди билүүсү коноктордун билдирүүсүнө тез чара көрүүгө жардам берет. Андан тышкары милициянын имиджин дагы жакшыртат», — дейт ИИБ.

Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндарын өткөрүү 2018-жылдын сентябрына белгиленүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар