04:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улуттук банк уюлдук телефон аркылуу электрондук капчыкты толтурууга тыюу салды

Улуттук банк уюлдук телефон аркылуу электрондук капчыкты толтурууга тыюу салды. Бул тууралуу мекеме маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Улуттук банктын башкармалыгы электрондук акчалар боюнча жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизди. Анда уюлдук операторлордун кардарлары электрондук капчыгы аркылуу акча которуу, товар жана кызмат акыларын төлөй албастыгы айтылат.

Жободо Улуттук банктан каттоодон өткөн төлөм тутуму аркылуу гана электрондук капчыктарды толтурууга болору бекемделди.

Бул жобо Улуттук банктын сайтында жарыяланган күндөн 15 күндөн кийин күчүнгө кирет.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы уюлдук операторлор абоненттерге электрондук капчыктарын телефондогу балансы аркылуу толтурууга уруксат берүүнү суранышкан. Банк ага каршы чыгып, уюлдук операторлор кардарлардын өздүгүн ырастай албагандан кийин бул чаранын кооптуу экендигин, өлкөнүн аброюуна дагы терс таасир тийгизерин айткан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар