Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну кар көчкү астында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлиги маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 21-январь күнү үч киши Көк-Жайык жайлоосуна отун алып келгени барып, көчкү астында калышкан. Экөө аман калып, 1979-жылы туулган А.Р. набыт болду.
30дай куткаруучу анын сөөгүн издөөдө.