18:02
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президент Дача-СУ айылына кулаган учакта жакынын жоготкон балдар менен жолугушту

Президен Сооронбай Жээнбеков бир жыл мурда Дача-СУ айылындагы кырсыкта жакындарын жоготкондор менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппараты маалымдайт.

Сооронбай Жээнбеков көңүл айтуу менен кырсыкта мерт болгондордун азасы дагы эле уланып, бүт өлкө жакындарын жоготкондор менен бирге кайгырып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 16-январь күнү Боинг 747 учагы «Манас» аба майданын жанындагы Дача-СУ айылына кулап түшүп, ондогон үйдү басып калган. Кырсыкта 39 киши мерт кетти. Көпчүлүк тургундар уктап жаткан бойдон дүйнө менен кош айтышкан.

Бул кырсыкта Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурлан уулу, Эрлан Шаршенбеков, Санжар Урайымов жана Асель Алымбек кызы жетим калышты. Аларга атайын банктын аманат ачылып, анда ӨКМдин эсебине түшкөн жана Түркия тарап төлөп берген акча 18 жашына чейин сакталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума