00:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Россия депутаттары Кыргызстандын 7-ноябрдын аталышын өзгөртүүсүнө каршы

Россиянын Мамлекеттик думасынын вице-спикери Игорь Лебедев мигранттарга Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө кайра тыюу салуу сунушун көтөрдү. Бул тууралуу «Новости» агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, жайында эле президент Владимир Путиндин сунушу менен кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берилген.

Игорь Лебедевдин айтымында, анда саясый чечим болгон.

«Анда Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ экендигин эске алганбыз. Азыр алар Россияга каршылык күнүн майрам катары сунуштап жатышат. Бул достук кадамы эмес. Андыктан, мигранттар сынак тапшырып, Россиянын күбөлүгү менен гана иштесин», — деди Игорь Лебедев.

Эскерте кетсек, кечээ мындан ары 7-ноябрдагы майрамдын аталышы өзгөрөөрү маалымдалган. Алмазбек Атамбаев Улуу Октябрь революциясынын күнүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө өзгөртүү буйругун чыгарган. Буйрукта 1916-жылдагы Үркүн менен бирге, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, XX кылымдагы саясый репрессияларга жана совет мезгилиндеги өнүгүү жылдарына баа берүү күнү катары эсептелери айтылат.

Мурдакы совет өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана 7-ноябрды Улуу Октябрь революциясынын күнү катары белгилеп келет. Россиянын өзүндө дагы бул күн эс алуу болуп жарыяланган эмес. 2005-жылдан бери Эскерүү күнү катары эсептелет. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума