08:42
+25
USD 68.49
EUR 81.60
RUB 1.18
Кыргызча

Голливуд жылдызы Стивен Сигал Кыргызстанга келди

Голливуд актеру Стивен Сигал Кыргызстанга келди. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агентигине өкмөттүн маалымат кызматы ырастады. 

Алардын айтымында, актер өз калоосу менен Бишкекке келген. Кечинде премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушат.

«Стивен Сигал — Көчмөндөр оюнунун элчиси. Эмки жылы үчүнчү оюн өтөт. Ал өз баамдоолорун өкмөт башчысы менен талкууламакчы», — деди өкмөт маалымат кызматынын жетекчиси Гүлнара Төрөлиева.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн Сапар Исаков демөөрчүлөрдү табууну сунуштаган. 

Эң көп окулган жаңылыктар