17:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тажик бийлиги диний кийимдердин ордуна улуттук кийимдерди кийүүнү сунуштады

Тажикстан парламентинин депутаттары өлкө президенти тарабынан билим берүү мыйзамдарына сунушталган өзгөртүүлөрдү бир добуштан колдошту. Ага ылайык, мындан ары мектеп окуучулары менен студенттердин сабактарга унаа айдап келүүсүнө тыюу салынат.
Өлкөнүн билим берүү министри Нуриддин Саиддин билдиришинче, бул эрежени бузган жогорку окуу жайлардын студенттери окуудан үч жылга, ал эми колледж, кесиптик-техникалык лицейлерде жана мектепте окугандар бир жылга чыгарылат.

«Кабыл алынган өзгөртүүлөр студенттердин окууга унаа айдап келишине тыюу салат. Башка учурларда айдап жүрүүгө уруксат. МАИ кызматкерлери ушуга көңүл бурушу керек», – деп билдирди парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Саиджафар Усмонзода.

Буга чейин өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги өз сайтына мектеп окуучуларынын кийимине болгон жаңы талаптарды жайгаштырган.

Жаңы эрежеге ылайык, мектеп окуучуларын хижаб, тар, жыртылган жынсы шымдар, кыска жана тар юбкалар, жарнамалык жазуулары бар жана башка өлкөлөрдүн символикалары түшүрүлгөн футболкалар, спорттук кийимдерди (дене тарбия сабагы менен ишембиликтерден башка учурларда) кийүүсүнө тыюу салынган. Ошол эле маалда улуттук кийимдер менен тебетейлерди кийүүгө уруксат берилет.

Өзгөртүүлөрдө мектепке кийимдерди ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн сатып алуу сунушталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума