11:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чыныбай Турсунбеков президентикке жарыштан баш тартуу себебин түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу маалыматты ал бүгүн өзү маалымат жыйында ырастады.

Төраганын айтымында, ал акыркы күнгө чейин шайлоого катышууга даяр болчу. Бирок, ал арадагы саясый күчтөр менен сүйлөшүүлөр Чыныбай Турсунбековдун пикирин өзгөрткөн.

«Президентик кызматка жарышкандар жетиштүү. Мен ойлоп көрсөм учурда өлкөгө саясый күчтөрдү бириктире турган топ керек. Мен өзүмдүн төрагалык ордумда ушул кадамымды улантып, ынтымакка чакыруу ишин улантам деп ойлойм» — деди ал.

Эскерте кетсек, Чыныбай Турсунбеков 30-июнда Жогорку Кеңештеги маалымат жыйында, андан кийин КСДП фракциясынын 15-июлдагы курултайында шайлоого катышарын билдирген. Бирок, партия бир гана талапкер алып чыгуу чечимин кабыл алып, премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн.

Алмазбек Атамбаев Чыныбай Турсунбеков КСДПнын чечимине макул болбой, ат салыша турган болсо партиядан чыгышы керектигин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар