11:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Супер.kg» порталы Автандил Добулбековдун иштен кеткендигин четке какты

«Супер.kg» сайты Автандил Добулбековдун иштен кеткендигин четке какты. Бул тууралуу редакция сайтка билдирүү жарыялады.

Анда редакция эки күндөн бери суроолорду жоопсуз калтырганын эмгек эргүүсүнө чыккан Автандил Добулбеков менен байланыша албай жаткандыктандыгы менен түшүндүрөт.

«Кечээ Автандил Добулбеков менен сүйлөшө алдык. Маселе чечилди. Айрым ЖМК жазгандай, аны иштен кетирүү маселеси жаралган эмес» — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн түнү журналисттин социалдык тармактагы баракчасында кайра эле билдирүү жазылып, анда Автандил Добулбеков Алмазбек Атамбаевге берген суроосунан кийин келишпестик жаралгандыгын айткан. «Ал белгисиз мөөнөткө эс алууга кетүүгө түрткү болду», — деп билдирген.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби