15:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мечит алдында кыска көйнөк жана чолок шым кийген кыздардын акциясы өттү

Бишкекте кыска көйнөк жана чолок шым кийген кыздардын акциясы өттү. Алар бүгүн жума намаз учурунда ордо кааладагы мечиттин алдынан өтүштү. 

Уюштуруучулардын айтымында, акция кыздардын каалаган учурда, каалаган жерде, каалагандай кийинүү укугун көрсөтүүгө багытталган.  Алардын билдирүүсүндө, айрым диниятчылар кыздардын кийимине сын айтып келет. Акыркы мезгилде көчөдө жана коомдук жайларда кыска кийинген аялдарга карата ыдык көрсөткөндөр көбөйдү.  

«Бизге бүгүн эч ким жаман көзү менен караган жок. Эч ким тилдеген жок. Болгону бир киши мечиттин алдында сүрөткө түшпөгүлө деп суранды. Анын айтымында, бул туристтик аброюубузга көлөкө түшүрөт», — деди ал.

Акция ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери дагы келишти. Алар мусулмандарга карата чагым жасабоого чакырды. 

Акцияны Facebook социалдык тармагында дагы чагымчылдык катары баалагандар болду. 

Эң көп окулган жаңылыктар