20:47
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Быйыл жол кырсыгы 4,2 пайызга көбөйдү

2017-жылдын алты айында 2 миң 583 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 пайызга көп. Бул жөнүндө ИИМдин жол кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынан каза тапкандар былтыркы жылга салыштырмалуу 23, 2 пайызга азайса, жаракат алгандар 2,6 пайылга көбөйгөн. Январь—июнь айларында өлкө боюнча жолдо 307 киши каза таап, 3 миң 834 киши ар кандай жаракат алды.

Жарым жылда балдар катышкан 569 кырсык болуп, анда 30 бала мерт кетип, 631и жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар