12:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдүн Ат-Башат айылында 5 миңдей кожолук суугат суусуз калды

Жайыл районунун Ат-Башат айылында 5 миңдей кожолук суугат суусуз калды. Бул тууралуу өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун Чүй облусун кыдыруусунда белгилүү болду.

Чүй суу чарба башкармалыгынын начальниги Руслан Девяткуловдун айтымында, айылдагы жалгыз «Нөлдүк»  суу сактагыч кумга толгон. 430 миң кубометр суу батырган суу сактагычта азыр 85 миң кубометр гана суу бар.

«Сел түшүп, сактагыч кумга толуп калган. Аны толук тазалап жана жээктерин бекемдеп чыгуу үчүн 303 миллион сом талап кылынат. Биз аны үч этапка бөлүп, үч жылда бүтүрмөкчүбүз. Азыр 35 миллион сом бөлүндү» - деди ал.

Суу сактагыч 1940-жылы курулган. 1550 гектар жерди суу менен камсыз кылат. Оңдоо иштеринен кийин суунун көлөмү көбөйүп, кошмуча дагы 3,5 миң гектар жерге берилип баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар