Текебаевдин соту. Унутчаак күбө, касташкан дос жана убакыт.

18:04, 28 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Сот Өмүрбек Текебаев үчүн анын саясаттагы жолундагы оор сыноолордун бири болду. Ооба, саясатчы наша менен кармалып, андан кийин видеосу таркап, ЖМКга жолу жабылган учурларды дагы баштан өткөргөн. Ал күрөштү бул жолу темир тор артынан жүргүзүүдө.

Мыйзам. Убакыт

19-июнь күнү УКМКнын абагында кармалган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин

расмий өкүлдөрү Боршайкомго келип, талапкерлигин каттоо үчүн саясатчынын арызын тапшырышты.

Канатбек Азиздин айтымында, БШК партия лидеринин жана анын ыйгарымдуу өкүлү Алмазбек Жолдошбаевдин документтерин кабыл алды.

Ошол замат коомчулукта саясатчынын өзү абакта болсо, соту жүрүп жатса, шайлоого катыша алар — албастыгы тууралуу суроо туулду. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, Текебаевге бир гана соттун чечими шайлоого катышууга жолтоо болот.

«Бирок, эгер ал катталган кийин соттун өкүмү угузулса, анда добуш берүүгө беш күнгө чейин талапкерлигин алып сала алабыз», — деди ал.

«Ата-Мекен» мүчөлөрүнүн билдирүүсүндө, Текебаевдин катталууга жана шайлоого катышууга толук укугу бар. Бирок, партиялаштары конституциядан башка так мыйзамдык жобону көрсөтө алышкан жок.

«Өмүрбек Текебаев катталгандан кийин дагы анын талапкерлигин алып салууга мыйзамдык негиз жок. Ал үчүн БШК мыйзамды бузуш керек « — деди депутат Аида Салянова.

Анткен менен сотто Текебаев жактоочулары жана өзү убакытты чоюу аракетин көрүп жатканы айтылды. Сотто алгач соттолуп жаткандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү, кийин прокурорду, анан сотту жана катчыны чакырып алуу сунуштары менен бир жума өттү. Кийинки жыйында жактоочулары сотко келбей, тыныгуу жарыяланган.

22-июнда гана айыптоо корутундусу окулуп, ишти кароо башталды.

Унутчаак күбөлөр 

Акыркы эки күндөн бери Өмүрбек Текебаевдын сотунда негизги күбө суракка алынды.

Александр Модин Леонид Маевскийдин жакын адамы. Тергөөнүн пикиринде ал 2010-жылы Текебаев менен Маевскийдин ортосундагы сүйлөшүүлөргө күбө болгон.

Эскерте кетсек, УКМКнын билдирүүсүндө, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясын убадалап, россиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган. Саясатчыга жана мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго каршы «коррупция» беренеси менен иш козголгон.

Айтмакчы, «Ата-Мекендин» лидери ага коюлган айыпты түшүнбөйт. Анын айтымында, ага кылмыш ишин башкы прокурор козгогондугу дагы суроо жаратат. Анткени, 2010-жылы ал эч кандай кызматты ээлеген эмес. Демек, башкы прокурор өзү эч бир кызматты ээлебеген инсанга коррупция айыбы менен иш козгошу таң калуу гана жаратат.

«Анда менин мамлекетке келтирген зыянымды эмнеге эсептен чыгышкан эмес?» — деген суроо койду Өмүрбек Текебаев.

Александр Модин болсо көрсөтмөлөрүндө адашып, чаташып, көп учурларды унутуп калгандыгын айтып жатты. Күбө Текебаевдин акчаны алганын, Маевскийдин ага бергенин да көргөн эмес. Россиялык ишкерлерди Текебаевге алып келген негизги күбө - Талант Маматкеримовдун көзү өтүп кеткен.

Дагы бир күбө Өмүрбек Абдырахманов.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Абдырахманов «Ата-Мекен» партиясынан депутат болуп шайланган. Бирок, ички келишпестиктерден улам Равшан Жээнбеков менен бирге фракциядан чыгартылган.

Сотто Өмүрбек Абдырахманов 2010-жылы партия лидеринин өкмөт үйүндөгү иш бөлмөсүндө россиялык ишкерлерди көргөндүгүн тактады.

«Бири-бирине өктөм үн менен сүйлөп жатышкан. Акча тууралуу уккан жокмун. Бирок, Текебаев мени MegaCom боюнча иликтөө жүргүзгөн депутат катары тааныштырды» — деп билдирди Өмүрбек Абдырахманов Биринчи май райондук сотунда.

Шайлоо

Ал арада Текебаевдин атаандаштары курултай өткөрүп, той-топур менен электоратты өзүнө тартуу аракетин көрүүдө.

Текебаев үчүнчү жолу шайлоого катышууга белсенип жатат. Биринчи жолу 1995-жылы катышкан. Анда Аскар Акаев, Апсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов алдыга озуп, жаш Текебаев аз добушка ээ болгон. Беш жылдан кийин саясатчы алдыга кенен арыштап, ат салыштв экинчи болуп келген. Шайлоочулардын 14 пайызы Өмүрбек Текебаевди колдошкон. Айтмакчы Алмазбек Атамбаев бул шайлоодо добуштун 6 пайызын алган.

2005-жылы Феликс Куловго ыктаган саясатчы шайлоого катышкан эмес. 2011-жылы шайлоо өнөктүгү башталар алдында талапкерликтен баш тарткан. Анда партия лидери санаалаштарынын жана апрель окуясынын тарапташтарынын арасында ажырым жараткысы келбей жаткандыгын билдирген.