11:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Текебаевдин соту. Айыптоо корутундусу окулду

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун сотунда айыптоо корутундусу окулду. «Ата-Мекен" партиясынын лидери корутундуну ага кыргыз тилинде угузууну талап кылды. Өмүрбек Текебаев соттук териштирүүнүн биринчи күнү эле кыргыз тилинде алып барууну суранган.

Тергөөнүн бүтүмүндө, Өмүрбек Текебаев убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары чечим кабыл алууга катышып, өзүнүн жакын адамдарын жогорку кызматтарга дайындаган. Өз адамдары аркылуу ал мамлекеттик иштерге таасир берүүгө аракеттенген.

Ал эми Леонид Маевский сүйлөшүүдө ортомчулук милдетти Талант Маматкеримов аткарган. Россиялык ишкерди Кыргызстанга Дүйшөн Чотонов чакырган. Алар «Төрт мезгил» ресторанында жолугушкан. Алар ошол жерде компанияны сатып алууга кызыкдар экенин билдиришкен. Кийин «Супара» ресторанында кездешип, «Альфа Телекомдун» баасы 1 миллион долларга бычылган. Акчаны Текебаев эки бөлүп алгандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, бүгүн сот 40тай күбөнү суракка алуу сунушун канааттандырды. Алардын арасында мурдакы президент Роза Отунбаева дагы бар. Роза Отунбаева бүгүн сотко келди.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши каралып жатат. Экөөнө бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясы үчүн Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.

Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума