Чет өлкөдө иштөөнү эңсегендер үчүн Бишкек эң арзан шаар катары сунушталат. Бул боюнча Mercer эл аралык компаниясынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында айтылат.
Иликтөөдө азык-түлүк, буюм-тайым жана коопсуздук наркы эсептелген. Чет элдиктер үчүн кымбат шаар Луанда. Мында биринчи ондукка Гонконг, Токио, Цюрих, Сингапур, Сеул, Женева, Шанхай, Нью-Йорк жана Берн кирген.
Бул тизмеде акыркы орундарга Скопье (207), Бишкек (208) жана Тунис (209) жайгашып, эң арзан калаа экендиги аныкталган.