22:55
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Шайлоодо паспорттун үч түрү менен добуш берүүгө болот

Шайлоодо паспорттун үч түрү менен добуш берүүгө болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шайлоого адаттагыдай эле биометриялык маалыматтарын тапшырып, шайлоочулардын тизмесине киргизилгендер добуш бере алат.

«Азыр жаңы биометриялык паспорттор берилип жатат. Алар менен дагы добуш берсе болот. Жалпы жарандык жана ID-карта менен да добуш берсе болот», — деди ал.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар